Н.Исанов атындагы жатак-гимназиясы Ноокен району Кочкор-Ата шаары

Биз жөнүндө

Интернаттын тарыхы

Н.Исанов атындагы жатак-гимназиясынын тарыхы.

Н. Исанов (Ломоносов) атындагы жатак-гимназия мектеби  1961-жылы  ишке берилген. Мектеп интернат алгач   М.В. Ломоносовдун  атын алып жүргөн.  1991-жылы  Ленин райондук  эл депутатынын  Кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын  биринчи премьер- министри  Н.Исановдун аты берилген. 1992-жылы  лицей класстар ачылып, райондогу мектептерден  мыкты  окуучуларды топтоп, математика, физика предметтери кошумча окутуп баштаган. 1996-жылы   мектеп гимназия статусун алып, алгебра, физика, химия, биология предметтерин  тереңдетип окуткан  жатак-гимназия мектеби болуп калат. 2014-жылы  мектеп  инновациялык  мектеп болот. 2016-жылы  Н. Исанов атындагы жатак-гимназия мектеби   кезектеги аттестациадан өтүп, орус тили, англис тили  сабактарын тереңдетип окутуучу  гимназия статусун  2021-жылга чейин узартат. Н. Исанов  атындагы жатак-гимназия мектебинин  эң алгачкы директору  Копейкина   П.Е.   1961-жылдан 1963-жылга  чейин иштеген.

Андан кийинки жылдары  иштеген директорлор:

  1. Едунов Н. М. — 1963-1966-жж.
  2. Ортомонов Ю.Г. -1966-1967-жж
  3. Арзыкулов С.А. -1968-1972-жж.
  4. Рахманов К.Р. -1972-1973-жж
  5. Ниязов Ж.Н. -1973-1979-жж
  6. Койчуев А. -1979-1982-жж
  7. Рыскулова В.К. -1982-1987-жж
  8. Арзымбаев К. -1987-1999-жж
  9. Нусупбеков А. -1999-2018-жж
  10. Токтосунов М-2018-2020-жж
  11. Каримкулова Ж 20.02.2020-ж баштап

Н.Исанов   атындагы жатак-гимназия мектеби  1961-жылдан 1991-жылдарга  чейин интернат тибиндеги  мектеп болуп   район , областтардан койчу малчылардын  балдары окушкан. Жергиликтүү балдар  өтө аз санда болгон. Интернатта 600-700 бала жатып окуп-тарбияланышкан. 1992-жылы лицей статусун алгандан  кийин  бир класста талдалган балдар  бир класста  жөнөкөй класс болуп,  жергиликтүү  балдар окуй  башташат. 1993-жылдан баштап лицей класста окуган окуучулар  райондук, областтык, Республикалык предмет боюнча  олимпиадаларга катышып,  жеңүүчү  болушуп жана  байгелүү  орундарга  жетишишкен.

 

Н. Исанов атындагы жатак-гимназия  мектеби 2001-жылы    “Жылдын мыкты мектеби”  конкурстан  райондо  І –орунга,   областта ІІ-орунга ээ болгон. 2009-жылы  мектеп-гимназия областта  “мыкты гимназия мектеби”  конкурсунда     І –орунду  жеип, Республикада  Ардак грамата менен сыйланат. 2014-жылы   Республикада  “100  инновациалык   мектептин” катарына кирет. Н. Исанов атындагы  жатак-гимназия мектеби  ушул күгө чейин  райондо, областта   алдынкы мектептердин катарында келе жатат. Жатак-гимназиянын   мектебинин  окуучулары  предметтик олимпиадаларда  мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, жалпы Республикалык тестирлөөдө   жакшы ийгиликтерди жаратып жатат.

Мектептин материалдык  техникалык базасын  чыңдоо боюнча дагы чоң иштер жасалды. Мектепте  инвестиция тартуу, чет өлкөлүк  догорлор менен иштөө жакшы жолго коюлган. 2001-жылы  АБР менен  биргеликте мектептин чатыры  жабылып, спорт залдын  тактайы алмаштырылды. 2003-жылы  МерсиКого  проект  жазылып,  мектепте өздук чарба түзүлдү. 2004-жылы   Англиянын  “Балдарды коргоо”  уюмуна  проект жазылып  жатаканага ремонт жасалды. 2005-2007-2009-жылдары  МерсиКо  уюмунан  проект  аркылуу  мектеп  эмеректери  алынды.2014-жылы Республикалык  “100  инновациялык мектептин ” катарына  кирип, Кыргыз  Республикасынын  өкмөтү  тарабынан  1 миллион сомдук  жаңы технологиялар (3 интерактивдүү доска, 12 компьютер жана эмеректер)  менен камсыз болду. 2015-жылы демөөрчүлөр тарабынан  окуу корпусуна,  жана  жатаканага  видео көзөмөл орнотулду. 2016-жылы  Кочкор-Ата шаардык мэриясы тарабынан  мектептин айланасы  темир тосмо менен тосулду  жана кароолкана курулду, мектептин кире бериш жагы асфальт болуп,  ашкана ремонттон өттү.

 

Н. Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинде иштеп  кеткен  белгилүү педагогдор  Кыргыз  Республикасынын  эмгек сиңирген  мугалими Рыскулова  В.К. КРнын эл агартуу  отличниктери   Рахманов К.Р. Ниязов Ж.Н, Арзыкулов Ж.А.,Абылов К.А., Дүйшөналиева Ж., Калмуратова М. Балтабаева М.

Азыркы убакта иштеп жаткан алдынкы мугалимдер: Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниктери:  Карабаева Ш., Бегматов Ж., Орозматова Г., Амадалиева С.,Дадабаева К.,Токтосопиева Э.

 

Н. Исанов атындагы жатак-гимназия  мектебинде алтын медаль менен  бүтүргөн  окуучулар.

  1. Артыков М. -1996-жыл
  2. Туратова У. 1999-жыл
  3. Данакеев Э. -2000-жыл
  4. Даниярова А. -2001-жыл
  5. Абдиева А. -2001-жыл
  6. Шавалотов К. -2001-жыл
  7. Акматова Э.-2002-жыл
  8. Абдураимов Б. – 2002-жыл
  9. Бердикулова -2003-жыл
  10. Турдумаматова Ж. -2003

 

Н. Исанов атындагы жатак-гимназия  мектебинде  Республикалык  олимпиада жыйынтык көрсөткөн  окуучулар.

Камилов Э –биология   ІІІ орун   1996-ж.

Бердикулова  С. —   англис тил   2003-ж

Абдураимов Б. — тарых  ІІ орун   2001-ж.

Абдураимов Б. — тарых  ІV орун   2002-ж.

Жапаров  М. — тарых   2004-ж.

Жаркулова Т.-  адам жана коом  V орун    2006-ж.

Бегимкулов Т. — тарых   ІV орун  2008-ж.

Куштарбеков К — математика I орун 2020-ж.

Гимназиянын концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Гимназиянын усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета